Сот чечен активисти Мансур Мовлаевди эки айга камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМК тарабынан кармалган чечен активисти Мансур Мовлаевди эки айга камакта калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун 21-августта кабыл алынган чечимине ылайык, Мовлаев 2023-жылдын 21-октябрына чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот.

Мовлаевдин кармалышы

Чечен активисти Мансур Мовлаев кармалганын укук коргоочу Төлөкан Исмаилова айтып чыккан. Кийинчерээк УКМК активист кармалганын тастыктаган.

Атайын кызмат Мовлаев 20-августта Ысык-Көл облусунун аймагынан «эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында» кармалганын, ал Орусияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнүн билдиришкен.

УКМКнын маалыматына ылайык, активист «радикалдык идеологиялар» менен байланышы бар. Ошондой эле, атайын кызматтын маалыматына ылайык, Мовлаев январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, өлкө аймагында Орусиянын жаранынын жасалма паспортун алып жүргөн.

Активист кармалгандан кийин 1ADAT оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү 20-августта өздөрүнүн YouTube каналында Мовлаевге арналган видео чыгарышкан. Алардын айтымында, активист чечен бийлигин сындап жүргөн.

Алардын айтымында, чечен бийлиги 2022-жылы Мовлаевди уурдап, түрмөдө мыйзамсыз кармап, кыйнашкан.

1ADAT’тын өкүлдөрүнүн айтымында, Мовлаев абактан Кыргызстанга качып чыгып кеткен. Оппозициялк кыймыл активист «Манас» аэропортунан Түркияга учмак болгонун, бирок аны Кыргызстандын УКМКсы орус кесиптештерине ФСБнын талабы менен кармап бергенин айтууда.

1ADAT эгер Мовлаев Чеченстанга экстрадицияланса, өлкө бийлиги анын көзүн тазалайт деп чочулоодо.