Жазуучу Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга» шектелип кармалды

Жазуучу Олжобай Шакир. Сүрөт: Azattyk

Материал 23:10до жаңыланды

Жазуучу жана жарандык активист Олжобай Шакир УКМК тарабынан «массалык башаламандыкка чакырык таштоого» шектелип, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу 23-августта анын жактоочусу Бакыт Автандил билдирди.

Автандилдин айтымында, жазуучу мындан тышкары «бийликти күч менен басып алууга» шектелип жатат. 

«Бул [айыптоолорго] эч кандай негиз жок. Олжобай Шакир соцтармактар аркылуу элди тынчтык митингине гана чакырган. Учурда анын акыркы учурда чыгарган постторуна экспертиза дайындалды. [...] Биз айыптоолорду негизсиз жана абсурд деп эсептейбиз. Шакир токтоосуз бошотулушу керек», — деп билдирди жактоочу.

Шакирдин УКМКда сурак берип жатканы тууралуу 23-августтун кечинде белгилүү болгон. Жактоочунун айтымында, жазуучуну саат 17:00дөр чамасында суракка алып кетишкен.

Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 24-август күнү түштөн кийин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Мурдараак жазуучунун жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу соңку жети сааттан бери дайынсыз болуп жатканын, аны Бишкек ШИИБден издеп келишкенин айтып чыккан. Ал эми «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Шакир УКМКда сурак берип жатканын маалымдаган.

Кийинчерээк Олжобай Шакирдин тилектештери Жибек Жолу — Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан УКМКнын башкы имаратына топтолушкан. 

Атайын кызмат азырынча расмий билдирүү тарата элек.

Буга чейин, 21-августта Шакир фейсбук барагына пост жазып, Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу нааразычылык акцияга чакырган. Жазуучу буга чейин дагы бийликти байма-бай сынга алып келген.

Өзбекстанга берилген пансионаттар

17-августта Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери маалым болгон

Президент «Кабарга» маек куруп, совет доорунда Өзбек ССРине таандык болгон эс алуучу жайларды 2016-жылы Кыргызстанга өткөрүү боюнча ошол кездеги министр Темир Сариевдин чечимин «популисттик» деп атаган. Жапаров натыйжада Кыргызстан Вашингтондогу эл аралык сотто Өзбекстандан утулуп, 40 млн доллар төлөмөк болгонун билдирген.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аталган төрт пансионат учурда номерлеринин көпчүлүгү начар жана авариялык акыбалда тургандыктан чыгашалуу экенин айткан. Бүгүнкү күндө өзбек инвесторлору ар бир пансионатка 15-20 млн доллар каражат жумшайт деп күтүлүүдө.

Бийликтин мындай чечимин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаровдор кескин сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет

«Кемпир-Абадды бергенге барабар». Равшан Жээнбеков Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу

«Сат-саттын арты кет-кет». Бекназаров Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу пикирин айтты