«Сат-саттын арты кет-кет». Бекназаров Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу пикирин айтты

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилиши боюнча пикирин билдирди. Анын кайрылуусу 22-августта фейсбук барагына жарыяланды.

Бекназаров Өзбекстан 2016-жылга чейин пайдаланып келген объектилер, анын ичинде төрт пансионат 1992-жылкы 12 республика кол койгон келишимде Кыргызстандын менчиги катары көрсөтүлгөнүн белгиледи.

«Президенттин сөзүнө ишенсек, анда Өзбекстан 2016-жылы Кыргызстанга кайтарган объектилерди, анын ичинде Орто-Токой суу сактагычын жана башка жерлерди төрт пансионаттай кылып кайра алса болот экен да?! Жапаровдун бул сөзү Кыргызстандын президентинин сөзү болбой калды. Түпкүлүгүндө Өзбекстандын арыгын чапкан сөз болду», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле саясатчы бийликтин «өзбек инвесторлору ар бир пансионатка 15-20 млн доллар каражат жумшайт» деген сөзүн «суу кечпеген актануу» деп атады.

«Сиздер Камчыбек Ташиев экөөңөр Акаев, Бакиевден ашып кеттиңер. Эми бүгүнкү күндүн эмес, эртең кызматтан кеткенден кийинки тагдыр эмне болорун ойлонгула. Кыргызстандын элин үч жылга чукул алдап келе жатасыңар [...] “Сат-саттын” артынан “кет-кет” келерин эсиңерге салам!» — деди ал. 

Буга чейин, 17-августта Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери маалым болгон

Президент совет доорунда Өзбек ССРине таандык болгон эс алуучу жайларды 2016-жылы Кыргызстанга өткөрүү боюнча ошол кездеги министр Темир Сариевдин чечимин «популисттик» деп атаган. Жапаров натыйжада Кыргызстан Вашингтондогу эл аралык сотто Өзбекстанга утулуп, 40 млн доллар төлөмөк болгонун билдирген.

Кемпир-Абад иши

Бекназаров 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы менен бирге кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кемпир-Абадды бергенге барабар». Равшан Жээнбеков Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу

Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга бербесек аларга 40 млн доллар төлөп калабыз — Жапаров