«Кемпир-Абадды бергенге барабар». Равшан Жээнбеков Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан саясатчылардын бири Равшан Жээнбеков өкмөттөн Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга өтүшү боюнча бардык документтерди ачык жарыялоону талап кылды. Бул тууралуу 21-августта абактан жазган катында билдирди.

«Төрт пансионатты берүү — Кемпир-Абадды бергенге барабар», — деди Жээнбеков, бийликтен Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты кайрадан Өзбекстан башкарсын деген Вашингтон сотунун чечимин ачыктоону талап кылып. 

Аны менен катар, жердин, мамлекеттин жана бийликтин ээси — кыргыз эли экенин баса белгилеп, жарандар бийлик кабыл алган чечимдерди билүүгө укуктуу экенин кошумчалады. 

«Кемпир-Абад дагы Кыргызстандын менчиги болчу. Бийлик элди алдап, фактыларды бурмалап Өзбекстанга өткөрүп берди. Төрт пансионаттын Өзбекстанга берилиши дагы көптөгөн суроолорду жаратууда», — деди Жээнбеков.

Буга чейин, 17-августта Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери маалым болгон

Президент «Кабарга» маек куруп, совет доорунда Өзбек ССРине таандык болгон эс алуучу жайларды 2016-жылы Кыргызстанга өткөрүү боюнча ошол кездеги министр Темир Сариевдин чечимин «популисттик» деп атаган. Жапаров натыйжада Кыргызстан Вашингтондогу эл аралык сотто Өзбекстандан утулуп, 40 млн доллар төлөмөк болгонун билдирген.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аталган төрт пансионат учурда номерлеринин көпчүлүгү начар жана авариялык акыбалда тургандыктан чыгашалуу экенин айткан. Бүгүнкү күндө өзбек инвесторлору ар бир пансионатка 15-20 млн доллар каражат жумшайт деп күтүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт Kaktus.media сайтынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет

Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга бербесек аларга 40 млн доллар төлөп калабыз — Жапаров