«Орусиядан келе жаткан». Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан беш адам каза тапты

Бишкек — Ош автоунаа жолунда эки унаа кагышып, беш адам каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» 25-августта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кырсык 23-август күнү саат 13:20да Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн кан жолдун 244-чакырымында катталган. 

Анда Honda Fit жеңил уунаасы жана Toyota Kluger үлгүсүндөгү жол тандабас сүзүшүп, жеңил унаа токтоно албай жол четиндеги таштарга урунуп, Чычкан суусуна кулап кеткен. Кырсыктан унаанын айдоочусу жана төрт жүргүнчү көз жумган. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

«Турмуш» басылмасы кырсыктан каза тапкандар 32 жаштагы аял жана анын 4, 7, 15 жаштардагы үч кызы болгонун жазды. Ал эми аялдын 13 жаштагы уулу ооруканага жеткирилген.

Үй-бүлө Орусиядан кайтып келип, кичи мекени Базар-Коргон районуна бара жатышкан. 

Каза тапкан айдоочу болсо Ноокен районунун тургуну болгон.

Ал эми Toyota Kluger үлгүсүндөгү унаада Аксы районунунун беш тургуну болгон. Алардын төртөө Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бир жүргүнчүнүн абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктан 6 адам көз жумду