Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктан 6 адам көз жумду

6-июнь күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан алты адам мерт кетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, төрт киши жеринде жан берсе, эки адам ооруканага бара жаткан жолдо көз жумду.

Кырсыкка кабылган Mercedes-Benz жана Toyota Alphard унаасында жалпы 14 жүргүнчү болгон, алардын төртөө 10 жашка чыга элек балдар. Жабыркаган сегиз киши Жайыл райондук ооруканасына жеткирилгени айтылды.

Буга чейин, 2-июнга караган түнү, Ош облусунда мектеп окуучусу айдап бараткан унаа каналга түшүп кетип, айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.

Анда 17 жаштагы мектеп бүтүрүүчүсү Honda Fit үлгүсүндөгү атасынын автоунаасын уруксатсыз айдап чыккан. Жанында 15 жаштагы эки окуучу болгон. Айдоочу Озгур айылынын Тотоев көчөсүнө келгенде унааны башкара албай, жолго жакын жайгашкан каналга кулап кеткен.

Даярдаган: Айжамал Бексултанова