Ош: Өзгөн жана Алай райондорунун акимдери алмашты

Азамат Кожомамбетов жана Каныбек Аббазов

Ош облусунун Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкбаев өз арызы менен кызмат ордунан бошотулуп, ордуна Алай районунун акими Каныбек Аббазов дайындалды. Бул тууралуу 24-августта Президенттин администрациясынан билдиришти.

Шабдан Абыкбаев Өзгөн районунун акими кызматына 2022-жылдын 31-майында дайындалган.

Маалыматка ылайык, Алай районунун акиминин ордуна Азамат Кожомамбетов дайындалды

42 жаштагы Кожомамбетов буга чейин Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылында айыл өкмөт башчысы кызматын аркалап келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн районунун акими болуп Шабдан Абыкаев дайындалды