Өзгөн районунун акими болуп Шабдан Абыкаев дайындалды

Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп Шабдан Абыкаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми райондун буга чейинки акими Мурат Раматов кызматында бир жыл иштеп, өз арызы менен иштен кетти.

Жаңы дайындалган Абыкаев 42 жашта. Ал буга чейин Чүй районунун акиминин орун басары болуп 7 жылга чукул иштеген.

Буга чейин Өзгөн шаарынын мэри алмашкан. Кызматка акимдин буйругу менен Дамир Моңолдоров дайындалган.

Моңолдоров буга чейин «Кыргыз почтасын» жетектеген. Ал 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №34 Жети-Өгүз округунан талапкер болгон. Бирок Жогорку Кеңешке өтүү үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.

Ал эми буга чейинки мэр Нодирбек Каримов 30-апрелде кызматтан алынган. Ага чейин Башкы прокуратура Каримовго карата «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козгогон.

Ал 2015-жылы ар башка беш кварталдан 22 кишиге жер тилкелерин мыйзамсыз бергени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кыргыз почтасынын» мурдагы жетекчиси Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарына мэр болду

Акболуш Тиленбаев Өзгөн шаарына вице-мэр болуп дайындалды