Коррупцияны мойнуна алган Райымбек Матраимов муфтияттын имаратынын ачылыш аземине катышты

Коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу ал 27-августта фейсбук барагына жазды.

Муфтияттын Бишкектеги жаңы имаратынын ачылышы. Сүрөт Райымбек Матраимовдун фейсбук барагынан алынды.

Ачылыш аземинде Матраимов «Исмаил-Ата» кайрымдуулук фондунун төрагасы катары сөз сүйлөп, мындан ары да «кайрымдуулук иштеринде колдон келген жардамын аябай турганын» белгиледи.

«Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачылып жаткан муфтияттын имаратын куруу мага насип болгон экен, көптөн бери күткөн имараттын ачылышы болуп жатат. Мындай мүдөө-максатты жүзөгө ашырууда калдайган калктын ишенимин, маданиятын өздөштүрүү келечек үчүн баарыбыздын милдетибиз деп эсептейм. Баарыбыз өлкөбүздүн туусу бийикте желбиреп, келечекте коомубуздун тынч жана бакубат өнүгүүсү үчүн өз салымыбызды кошууга тийишпиз», — деди ал.

Азырынча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жаңы имараттын ачылышы боюнча комментарий берише элек.

Матраимов муфтияттын жаңы имаратынын курулушуна демөөрчүлүк кылары өткөн жылдын августунда белгилүү болгон. Анда имарат Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Имам Сарахси мечитинин жанына курулары белгиленген.

Буга чейин, 16-апрелде муфтий Замир Ракыев Райымбек Матраимовго Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил-Ата» мечитинде ыраазычылык кат тапшырган. Мечит Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Исмаил-Ата» коомдук фонду каржылаган.

Матраимов жана коррупция

Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Ага-инилердин улуусу Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында депутат.

Ал эми алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

Абдукардын үй-бүлөсү Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов ага жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүн таандык кайрымдуулук фондго «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу ал Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы али күнгө дейре так белгисиз. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чын жүрөктөн кызмат кылган». Муфтий Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды

 Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар