«Райымбек мырзанын салымы чоң». Кара-Сууда Матраимовдор курган мечиттин ачылышы болду

Кара-Суу шаарында курулган «Исмаил-Ата» мечити. Сүрөт: Kereez.kg

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында 7-май күнү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Исмаил-Ата» мечитинин ачылышы болду. Ачылуу аземине экс-муфтий Максат Токтомушев, диний ишмер, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Садыбакас Доолов, депутаттар Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев жана Шайлообек Атазов катышты.

Мындан сырткары бир туугандар — депутат Искендер Матраимов, Кара-Суунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана экс-бажычы Райымбек Матраимов өзү да иш-чарада болду. Матраимовдордун тарапташтары соцтармактарга жүктөгөн тасмалардан мечиттин ачылышына жүздөгөн киши катышканын байкоого болот.

Мындан сырткары бир туугандар — депутат Искендер Матраимов, Кара-Суунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана экс-бажычы Райымбек Матраимов өзү да иш-чарада болду. Матраимовдордун тарапташтары соцтармактарга жүктөгөн тасмалардан мечиттин ачылышына жүздөгөн киши катышканын байкоого болот.

Иш-чарада экс-муфтий Максат Токтомушев сөз сүйлөп, Райымбек Матраимовдун колуна китептерди тапшырды. Токтомушев «мечитти Аллахга ыйман келтиргендер гана кура алат» деп белгиледи.

«Мечитти Аллахга, акыретке ыйман келтиргендер гана курат. Башкалар кура албайт. Мына Исмаил атабыздын балдары жапа-тырмак аракет кылып мечит салышты. Өзгөчө Райымбек мырзанын бул мечитке салымы чоң. Аллах ихлас берсин, жүздөрүн жарык кылсын» — деген ал.

Аталган мечиттин курулушу 2016-жылы башталып, 2020-жылда бүткөн. Курулушту Матраимовдордун «Исмаил Матраимов» коомдук фонду каржылаган. Имарат жалпы үч кабаттан туруп, Кыргызстагы эң чоң мечиттердин бири болуп саналат — анын ичине жана сыртына жалпы 7000 адам батат. Мындан сырткары мечиттин жанында «Апиза эне» атындагы ислам институту жайгашкан.

Матраимовдордун жакын кишиси, тамада Аман Ибраев мечитти негизинен Райымбек Матраимов өзү салганын жазды.

Матраимовдор кланы жана журналисттик иликтөөлөр

Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Ага-инилердин улуусу Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында депутат.

Ал эми алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана аткезчилик, ошондой эле, акча адалдоо боюнча журналисттик иликтөөлөрүнүн башкы фигуранттардын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Бишкектин биринчи май райондук соту Матраимовду «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Матраимов сот залында бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган. Бирок ага 260 миң сом айыппул салынып, сот залынан бошотулган. Аны менен кошо сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган. Буга Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, келтирилген зыяндын ордун толуктаганы негиз болгону кабарланган.

Кийинчерээк, 18-февралда, Матраимов кайрадан кармалып, эки айга камакка алынган. Анда ал «кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталган эле. Анда Ош жана Бишкек шаарларында Матраимовду колдоо митингдери өткөн. Ага депутаттар Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев жана Шайлообек Атазов катышкан.

15-апрелде болсо УКМК Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, аны абактан бошоткон. Атайын кызмат муну Матраимовдун жана анын жакындарынын чет өлкөлөрдө мүлкү табылбаганы менен түшүндүргөн. Анткен менен иликтөөчү журналисттер буга чейин Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова (Сулайманова) менен уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдукадыр БАЭде баштаган бизнестерин, Матраимовдорго таандык аппартаментин тапкан.

Дагы окуңуз:

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?