Коррупцияны мойнуна алган Райым Матраимов муфтияттын жаңы имаратын салат

Коррупцияда күнөөсүн мойнуна алган, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов муфтияттын Бишкектеги жаңы имаратынын курулушуна демөөрчүлүк кылат. Бул тууралуу Матраимовдун «Исмаил-Ата» фонду фейсбуктагы барагына билдирди.

Фонддон кабарлашкандай, заманбап имарат Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Имам Сарахси мечитинин жанына курулат. Фонддун маалыматына ылайык, капсуланы салууга муфтий Замир Кары Ракыев, «Исмаил-Ата» фондунун жетекчиси Райымбек Матраимов, депутат Шайлообек Атазов жана башка диний ишмердер катышты.

«Мусулмандар муфтияттын келечектеги имараты Түркиянын жана араб өлкөлөрүнүн муфтияттарынан кем калбаган заманбап курулуш болот деп ишенишет. Аткени демөөрчү Райым Матраимов өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районуна бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй Фергана чөлкөмүндөгү эң кооз мечит-медересе салганы бар», — деп жазды фонд.

Фонддон белгилешкендей, имаратта муфтийдин бөлмөсүнөн тышкары, Алымдар кеңешинин кеңселери, отурумдар өтүүчү залдар, окуу залдары жана китепканалар жайгашат.

Матраимов жана коррупция

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кеткен — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Матраимов 2017-жылдын аягында кызматынан бошотулгандан кийин бажы бизнесинде калган — бул ирет ал Кыргызстандагы үч маанилүү бажы терминалын көзөмөлгө алган. Тааныш-билиш жана байланыштары аркылуу ал жүктүн бардыгы дал ушул терминалдар аркылуу өтүшүн колго алган.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан.

Матраимов менен Абдукадырдын схемалары «Азаттык», «Клооп», OCCRP жана Bellingcat’тин биргелешкен иликтөөлөрүнүн арты менен коомчулукка белгилүү болгон.

Журналисттердин иликтөөсүнөн кийин сот Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп тапкан. Экс чиновник, жаза катары болгону 260 миң сом айып төлөгөн.

АКШнын Каржы министрлиги Райымбек Матраимовду 9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө «Магнитский тизмесине» киргизген.

Магнитский тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.

Тема боюнча:

Иликтөө: 2 млрд сом айыпка жыгылган Матраимов Бишкекте дагы бир пентхаус сатып алды

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

Интерактивдүү карта: Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкү