Президент «Барселона» академиясына анын жана Ташиевдердин тиешеси бар экенин ырастады

26-августта президент Садыр Жапаров «Клооптун» «Барселона» футбол академиясы боюнча иликтөөсүнө жооп берди. Ал Жалал-Абаддагы академиянын курулушуна анын жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар экенин ырастады.

«Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасына салынып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди “Барселона” академиясы 16 миң эсе актайт», — деди ал.

Жапаров бул социалдык долбоор экенин белгилеп, «10-15 жылдан кийин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт» деп кошумчалады.

Ошондой эле ал 29-августта ачыла турчу академиянын тарыхына токтолуп, Ташиевдер аталган академияны мурун эле куруп баштаганын айтты.

«Жалал-Абаддагыны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектегини силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, экинчиси түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок», — деди ал.

Өлкө башчысы Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп, «саясатка, экономикага жана кадр маселесине кийлигишпегиле» деп эскертип турарын кошумчалады.

Жапаров иликтөө боюнча пикирин билдирерден алдын «Клооп» баш болгон сайттарга жана эркин журналисттерге кайрылып, алар «миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатканын» айтты.

«Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жаткандарына сүйүнбөйсүңөрбү», — деди ал. 

Буга чейин «Клооп» Камчыбек Ташиевдин уулдары мамлекеттин жеринде «Барселона» футбол академиясын курарын, бирок өнөктөштөрүнүн арасында Садыр Жапаров, Курманбек Бакиевге жакын адамдар жана Росатом менен тыгыз байланышы бар орус-казак энергомагнаты бар экенин иликтеп чыккан.

ИЛИКТӨӨНҮ БУЛ ЖЕРДЕН ОКУҢҮЗ:

«Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?