Жалал-Абаддын тургуну 5 жашар баласын 13 жаштагы өспүрүм зордуктаганын айтып чыкты

Жалал-Абад шаарынын тургуну беш жашар баласын 13 жаштагы өспүрүм зордуктаганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 26-августта 24.kg басылмасына билдирди.

«Уулумду бала багуучуга калтыргам. Болжол менен 20-августта балам окуя тууралуу айтып берди. Биз милицияга арыз жаздык, бирок эч нерсе кылышкан жок. Мен бардык ЖМКга айтып берем дегенден кийин гана реакция болду. 25-августта тергөөчү экспертиза дайындады», — деди ал.

Жалал-Абад шаардык милициясынан «Клоопко» жабырлануучунун энеси аларга арыз менен кайрылганын тастыкташты. Бул боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.

Милициядан экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Кыргызстанда жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көйгөйү көп жылдан бери актуалдуу болуп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон.

Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын билдирген.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Башкы бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокурор: 2022-жылы балдарга карата зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголду

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт