Кемпир-Абад иши: Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыкты

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандан кийин камакка алынган активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыкты.  Маалыматты «Клоопко» 28-августта Бишкек шаардык соту тастыктады.

Сот залынан бошотулган Эрлан Бекчоро уулу журналисттерге маек куруп, мындай чечим ага күтүүсүз болгонун айтты. Ал соттон мындан аркы отурумдарды ачык өткөрүүнү талап кылышарын белгиледи.

«Биздин үнүбүздү жеткирип турган эркин медиаларга, эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдиребиз. Азыр соттун ачыктыгын талап кылып жатабыз. Сот ачык өтөт деп жырыялангандан кийин ак экенибизди да далилдөө үчүн аракет жасайбыз. Биз дайыма акыйкаттыкты күтүп келебиз», — деди активист.

Шаардык сот бул иш боюнча абакта жаткан башка кишилердин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырганы айтылды.

Буга чейин, 22-августтан тарта Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан алты киши соттук териштирүүгө байланыштуу ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Алар: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров.

Кемпир-Абад иши

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист, саясатчылар.

2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активист кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып таккан.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашып, ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Абактагылар эл аралык уюмдардан бийлик өкүлдөрүнө санкция салууну өтүнүштү