Кемпир-Абад иши: Абактагылар эл аралык уюмдардан бийлик өкүлдөрүнө санкция салууну өтүнүштү

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү АКШ, Германия, Франция,  Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчилерине, Еврокомиссия жана Европарламентке кайрылуу жолдоду. Кат 26-июлда саясатчы Равшан Жээнбековдун фейсбук барагына жарыяланды.

Анда абакта жаткандар президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жекече санкция салууну өтүнүштү.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү. Сүрөт: Равшан Жээнбековдун фейсбук барагы

Кайрылгандар аты аталган жогорку кызмат адамдары өлкөдөгү негизги эркиндиктин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна, коррупцияга, жарандык коомду, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды куугунтуктоого түз да, кыйыр да тиешеси бар деп эсептейт.

«Сөз эркиндигин, адам укуктарын чектеген Орусиянын мыйзамдарын гана көчүрүп чектелбестен, азыркы авторитардык бийликтин өкүлдөрү, Орусиянын жарандык коомду, эркин медиаларды, саясий атаандаштарды куугунтуктаган терс тажрыйбасын дагы Кыргызстанга киргизишти», — деп айтылат кайрылууда.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активист кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашып, ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 8 кишини камакта калтырды

«Бийликтин көрсөтмөсү» — Кемпир-Абад ишинин фигуранттары сот чечими тууралуу