Тайбокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 18 медаль жеңди

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Тайбокс боюнча курама команда Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 18 медаль жеңип, командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу 28-августта Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчулар жаш айырмачылыктарына карап беш категорияга бөлүнгөн. Анда ар бир спортчу өз категориясында күч сынашып, кыргыз тайбоксчулары 6 алтын, 3 күмүш, 9 коло медалды багындырды.

Алтын медалдын ээлери:

  • Султан Атагелдиев 71 кг (17-18 жаш);
  • Хафизиллах Исаков 57 кг (15-16 жаш);
  • Виктория Маликова 54 кг (17-18 жаш);
  • Милана Шихшабекова 54 кг (15-16 жаш);
  • Аделя Асылбек кызы 63.5кг (15-16 жаш);
  • Диана Заинитдинова +51 кг (13-14 жаш).

Күмүш медалдын ээлери:

  • Бектур Саимбеков 43кг (11-12 жаш);
  • Алия Салиева 48кг (15-16 жаш);
  • Баэл Таалайбек уулу 67кг (18 жаш).

Коло медалдын ээлери:

  • Ким Эрик 41кг (9-10 жаш);
  • Ильяс Абдулин 54кг (18 жаш);
  • Абу-Бакир Бакиев 28 кг (9-10 жаш);
  • Мухаммад Али Низов 26 кг (9-10 жаш);
  • Ким Сергей 67 кг (15-16 жаш);
  • Аловудин Гуламов 41кг (15-16 жаш);
  • Альберт Бактыбеков 57 кг (17-18 жаш);
  • Акжол Калмаматов 54 кг (13-14 жаш);
  • Ырыскелди Салымбаев 48 кг (15-16 жаш).

Аталган мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 21-28-август күндөрү өтүп, 7 мамлекеттен келген 970 тен ашык спортчу катышты.