Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан күз-кыш мезгилинде электрди өз ара алышып-беришип турууну макулдашты

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан келерки күз-кыш мезгилинде электр энергиясын өз ара алышып-беришип турууну макулдашышты. Бул боюнча үч мамлекеттин өкүлү 25-26-августта Астанада өткөн жолугушууда макулдашышканын Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.

«Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилип, электр энергиясын жеткирүүнүн көлөмү жана мөөнөттөрү аныкталды. Ошондой эле тараптар электр энергиясын сааттык эсепке алуу механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу; чарба субъектилеринин ортосунда пландан тышкаркы агымдарды жөнгө салуучу келишимдерди түзүү; пландан тышкаркы агымдарды жөнгө салган колдонуудагы келишим шарттарын кайра карап чыгуу керектигине токтолушту», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Министрликтен суу чарба жана энергетикалык ведомстволордун өкүлдөрүнүн кийинки жолугушуусу ноябрда Бишкекте өтөрүн кошумчалашты. 

Эки коңшу өлкөдөн тышкары, электр энергиясын импорттоо боюнча Кыргызстандын Түркмөнстан жана Орусия менен да макулдашуусу бар. Орусия менен Кыргызстан буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев айткандай электр энергиясынын импортун көбөйтүүнү пландап жатат

«Бизде “Түркмөнэнерго” жана “ИнтерРАО” менен келишим бар. “ИнтерРАО”, биздин план боюнча, жыл аягына чейин бизге 1,5 млрд кВт/с берет. Жана Түркмөнстандан 1,6 млрд кВт/с келет. Кийинки жылы Түркмөнстандан 1,7 млрд импорттойлу деп пландап жатабыз», — деген ал.