Жогорку сот Украинага кол салууга катышкан Аскар Кубанычбек уулунун өкүмүн жокко чыгарды

Бүгүн, 30-августта Жогорку сотто Аскар Кубанычбек уулунун кылмыш иши каралды. Кыргызстандык Орусиянын катарында Украинага кол салууга катышканы үчүн 10 жылдык жазасын өтөп жатат.

Соттун коллегиясы буга чейинки инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, Кубанычбек уулунун кылмыш ишин Биринчи май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүүнү чечти. Сот бул чечимин айыптуунун жактоочусунун даттануусунан улам кабыл алды. 

УКМК 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулун 2023-жылдын январында кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал кыргыз жарандыгына ээ болуп туруп, Украинанын аймагына барып, «аскердик топтордун катарында согуштук аракеттерге катышкан». Бул үчүн Кыргызстанда эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.

Кийин Кубанычбек уулу 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштаган орус армиясынын катарында согушканы белгилүү болгон.

Натыйжада Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек уулун жалдамчылыкка айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Ал соттолгондон кийин аны менен Орусиянын RT телеканалынын журналисттери байланышкан. Кубаныбек уулу журналисттерге курган маегинде Орусия бийлигинен жардам жана орус жарандыгын сураган.

Орусия бийлиги соттолгон кыргызстандыктын кайрылуусун угуп, ага Орусиянын паспортун берүү маселесинин үстүндө иштей баштаган. Бул тууралуу Орусия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова билдирген

Мындан тышкары, Орусия президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү Кирилл Кабанов Телеграм каналында ТИМ жана ИИМге кыргызстандыкка Орусиянын паспортун берүүнү жана «Кыргызстандын бийлигине аны бошотуп, Орусияга өткөрүп берүү талабын коюуну» суранып кайрыларын билдирген.  

«Андай болбосо биздин мамлекет кыргыз бийлигинин ачык эле көрүнүп турган достуктан тыш мамилесине жооп катары болгон басым кылуучу механимдерин колдонууга тийиш» – деп жазган ал.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири масштабда кол салуусун баштаган. Алардын Украинанын аймагындагы аскердик аракеттери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Кыргызстандын атайын кызматы кыргыз жарандары чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылыштарга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.