Front Line Defenders укук коргоо уюму кыргыз бийлигинен «Клоопту» жабууну талап кылган Бишкек шаардык прокуратурасынын доо арызын артка чакыртып алууну талап кылды.
Укук коргоочулар кайрылуусунда алар мурункудай эле Кыргызстандагы укук коргоочулар менен журналисттердин дарегине болуп жаткан коркутуулардын масштабына кабатыр болуп жатканын билдиришти.
«ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын ишине карата репрессивдүү мыйзамдык демилгелердин контекстинде “Клоопко” болгон чабуул укук коргочулардын укуктары менен эркиндигин ар дайым чектеп келген акыркы моделине дал келет», — деп белгилешти Front Line Defenders’тен.
Прокуратурадан доо арызды артка чакыртуудан сырткары, укук коргоочулар кыргыз бийлигинен «Клоопту» куугунтуктоону, аңдууну токтотууну талап кылышты. Алар Кыргызстандагы бардык укук коргоочулар куугунттуктардан коркпостон жана эч кандай чектөөсүз, эл аралык жана Кыргызстандын адам укуктары боюнча милдеттенмелерине шайкеш иштөөсүн камсыздоону талап кылды.
Front Line Defenders доо арыз өзү уюмдун уставды бузганы менен байланыштуу деп айтылганы менен, документтин өзү «Клооптун» журналисттик ишмердүүлүгү Кыргызстандын бийлигин жана мамлекеттик саясатты сындаганына басым жасайт деп баса белгиледи.
Буга чейин «Реформа» партиясы, Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (CPJ), «Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюму ошондой эле Human Rights Watch уюму да «Клоопту» коргогон билдирүүлөрдү тараткан.
Алардын баары ЖМКга карата чабуулдарды жана «Клоопту» жабууну талап кылган прокуратуранын доо арызын артка кайтарууну талап кылышкан.
«Клоопко» каршы доо арыз
Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.
Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн.
Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.