Гапыр Мадаминов жана Орозали Сайдилканов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Гапыр Мадаминов жана Орозали Сайдилканов. Сүрөт: Билим берүү министрлиги

Эмгек сиңирген мугалимдер Гапыр Мадаминов жана Орозали Сайдилканов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу 1-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Садыр Жапаров мындай жарлыкка 30-августта кол койду.

Гапыр Мадаминов — Лейлек районундагы № 3 эксперименталдык мектеп-гимназиясын негиздеген залкар мугалим. 

Ал Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илимий изилдөөчүсү, жазуучулар союзунун мүчөсү. Ошондой эле «Эмгек сиңирген мугалим» наамынын ээси. Бир канча китептердин автору, «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү.

Орозали Сайдилканов да Ош мамлекеттик университетинин педагогика бөлүмүн аяктап, 1998-жылы Кара-Кулжа районунда автордук гимназия мектебин негиздеген.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалим» наамын алган.