Ош: Көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркады, эки адам ооруканага түштү

Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданында 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркап, эки адам ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» 1-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлерине кайрылган улакчылардын бири оюн учурунда аттан жыгылып, Ош облустук бириккен ооруканага жаткырылган. Учурда абалы туруктуу.

«Экинчи жабырлануучу — укук коргоо органынын кызматкери Ош шаардык ооруканасына жаткырылды, абалы туруктуу. Калган беш жабырлануучуга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат билдирүүдө. 

Ички иштер министрлигинен 1-сентябрда бул окуя боюнча териштирүү башталганын жана коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын маалымдашты.

Ошондой эле милициядан соцтармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскертишти. Учурда чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. 

31-августта Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданында көк бөрү оюну өткөрүлгөн. Финалдык беттеште «Достук» жана «Ынтымак» командалары күч сынашып, жыйынтыгында байгени «Ынтымак» командасы 2:1 эсебинде жеңип алган.

Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко алышкан. Ошондой эле жерине барган бир тез жардам унаасын талкалашкан.

Окуя тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген. Ташиев чагымчылдыкка алдырбоого жана ынтымакка чакырган.

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги салтанат Ошто өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.