Бишкек: Окууга кабыл алууда акча талап кылууга шектелип дагы бир мектеп директору кармалды

Бишкекте дагы бир мектеп директору мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Ал окуучуну башка мектепке которуу үчүн 5 миң сом талап кылган. Бул тууралуу 2-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бир жуманын ичинде ушуну менен окуучуларды кабыл алууда мыйзамсыз акча алуу боюнча схема уюштурууга шектелип төртүнчү мектеп директору кармалып жатат.

Буга чейин, 30-августта Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жатканда кармалган. Ал 1-класска кирчү баланын ата-энесинен акча талап кылып, эгер бербесе, баланы кабыл албай коёрун айтып коркуткан.

Ошол эле күнү Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси жооптуу кызматкерлер менен биригип алып, ар кайсы мектепте баланы 1-класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган.

Ал эми 1-сентябрда мектепти колдоо иретинде депозитке 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча салууну талап кылган дагы бир директор колго түшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Окууга кабыл алууда акча талап кылууга шектелип мектеп директору кармалды