Бишкек: Окууга кабыл алууда акча талап кылууга шектелип мектеп директору кармалды

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуучуларды кабыл алууда мыйзамсыз акча алуу боюнча схема уюштурууга шектелген мектеп директору кармалды. Бул тууралуу 1-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп администрациясы кабыл алынуучуларды демөөрчүлүк колдоо иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражатын депозитке салууну талап кылып келишкен.

Аталган факт боюнча 30-августта атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде кармалган жетекчи УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Буга чейин, 30 августта Бишкектеги мектептердин биринин директору балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалган. Ага «Опузалап пара талап кылуу» беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө абагына киргизилген.

Президенттин үстүбүздөгү жылы 26-майдагы жарлыгына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектеги №61 мектептин мурдагы директору Низовскийге пара алуу үчүн 50 миң сомдук айып салынды