Ош — Эркечтам жолунда авто кырсыктан төрт киши каза тапты

3-сентябрда Ош — Эркечтам жолундагы жол-транспорт кырсыгынан төрт киши каза тапты, каза тапкандардын арасында бир өспүрүм бар. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына (ЖКККБ) таянып «Азаттык» жазды.

Маалыматта жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышканы айтылды. Жүк ташуучу унаадагы эки киши жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми каза тапкан төт киши жеңил унаада бараткандар болгон.

Turmush басылмасы маркумдар Алай районунун тургундары жана алдын ала маалыматка ылайык, туугандар экенин жазат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөдө үч миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жалпы 269 адам каза болсо, анын 38и — жаш балдар. Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.