Эл аралык укук коргоо уюмдары бийликти «Клоопко» карата куугунтукту токтотууга чакырды

Бир катар белдүү эл аралык укук коргоо уюмдары Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клоопту» жабууну талап кылган доосуна байланыштуу басылманы коргогон билдирүү жасашты. Билдирүүдө уюмдар кыргыз бийлигин «Клоопко» каршы арызды кайтарып алууну жана көз карандысыз ЖМКны куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Документке Адамдар укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Freedom Now, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укутары үчүн эл аралык федерация, Норвегиянын Хельсинки комитети жана Кыйноолорго каршы бүткүл дүйнөлүк уюм кол койгон.

Алар доо арыз «адам укуктарын бузуу жана коррупция сыяктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жакпаган көз карандысыз репортаждар үчүн “Клооптон” өч алуу» максатын көздөйт деп белгилешет.

«“Клоопту” жабуу өтүнүчүнө негиз келтирилип аткан айыптар сандырак, бир жагынан күлкүлүү. Алар кызмат адамдары ачык талкууну, сынды жана отчёттуу болуну жактырбагандыктан келип чыкканы анык. Бирок ал доонун платформага туудурган коркунучун азайтпайт», — деп белгиленет билдирүүдө.

Ошондой эле уюмдар Бишкек прокуратурасы «Бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча 2021-жылдын ноябрында «Клоопко» каршы козголгон кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшүнүн учурдагы абалы тууралуу эч кандай маалымат бербей жатканына көңүл бурушкан.

«Бирок сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалыматтын өзү эле “Клооп” жана анын өкүлдөрү мындан аркы, мындан да олуттуу басымга кабылат деген кооптоонуларды күчөтүп жатат. Акыркы кездерде Жазык кодексинин аталган беренеси өкмөт үчүн талылуу темаларда жазган блогерлерге каршы кылмыш иштерин козгоо үчүн бир топ эле колдонулган», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, кайрылуунун авторлору «Клоопту» жабуу аракети «Кыргызстандын сөз жана ЖМК эркиндиги жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин», өлкө бийлиги «өкмөткө же азыркы социалдык-саясий системаны сындаганы үчүн эле маалыматтык порталдарды, басылмаларды жана журналисттерди жазалоого жол бербеши керектигин» белгилешти.

Алар ошондой эле Европа Биримдигине жана Кыргызстандын башка өнөктөштөрүнө кайрылып, алардын кайрылуусун колдоого алууну жана «сөз эркиндиги жаатындагы, анын ичинде башка фундаменталдык укуктарды этибарга албоонун Кыргызстан менен мындан аркы кызматташуу үчүн кесепеттери болорун баса белгилеп коюуга» чакырышты.

«Европа Биримдиги жана Кыргызстандын башка өнөктөштөрү биздин бул билдирүүбүздү өлкөнүн бийлигине так жана даана жеткириш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керек. Европарламенттин 2023-жылдын 13-июлунда Кыргызстан боюнча чыгарган резолюциясында көрсөтүлгөн сунуштарын аткартууну илгерилетүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүшү керек, резолюцияда Кыргызстандын ЕС GSP+ соода системасындагы бенефициар катары макамын азыркы тапта сөз жана ЖМК эркиндигине басым кылып атканына байланыштуу кайра карап чыгуу сунушталган», — деп белгиленет билдирүүдө.

Эл аралык укук коргоо уюмдары белгилешкендей, «“Клооптун” ишмердүүлүгүнө окшогон иликтөөчүлүк жана сынчыл журналистика саясий процесстердин айкындыгын камсыздоо үчүн керек; алар бийликти жоопкерчиликтүү болууга чакырат».

«Порталды жоюу демилгеси Кыргызстандын уюмдардын эркиндигин коргоо боюнча алган милдеттенмелерин дагы бузат. БУУнун тынч чогулуштар жана уюм эркиндиги маселелери боюнча атайын баяндамачысы бирикмелерди мажбурлап жоюу ыкмасы эң акыркы чара катары, өлкөнүн мыйзамдарын болуп көрбөгөндөй бузууга алып бара турган реалдуу коркунучтар туулганда жана башка анчейин катаал эмес чаралар натыйжа бербей калганда гана колдонулушу керектигин белгилеген. Ал эми “Клооп” боюнча андай негиздер жок экени айдан ачык болуп турат да», — деп жыйынтыкташты сөзүн эл аралык уюмдар.

Мурдаарак «Клоопту» жоюу арызын кайтарып алууну бийликтен «Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ), Front Line Defenders жана Human Rights Watch (HRW) сыяктуу эл аралык уюмдар жана Кыргызстандын медиакоомчулугу суранышкан.

«Клоопко» каршы доо арыз

Бишкек шаардык прокуратурасы 28-августта борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин айтымында, басылманы жабуу тууралуу арыз «Клооптун» иликтөөсүнө байланыштуу болушу ыктымал. Иликтөөдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары өлкөдө Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун академиясынын курулушуна катышып жатат деп айтылган.