Келерки кышта үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салуу пландалып жатат

Энергетика министрлиги келерки кышта үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга толук тыюуну пландап жатат. Бул тууралуу 5-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Аткаминер кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбесин белгиледи. Ошол эле учурда ал жарандарды үйдү электр энергиясы менен жылытуудан баш тартууга чакырды, себеби ага кубаттуулук жетпей калышы мүмкүн.

«Быйыл электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салууну пландап жатабыз, бирок ар бир керектөөчү зарыл болгон көлөмдү алат. Биздин эсептер боюнча бул — 5 кВт», — деди ал.

Акыркы бир нече жылдан бери кышкысын өлкөнүн электр тармактарына эбегейсиз күч келүүдө. Мындан улам энергетиктер кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө, кечкисин (саат 18:00дөн 21:00гө чейин) жана эртең менен (саат 07:00дөн 10:00гө чейин) электрди көп жеген электр жабдууларын колдонбоого, үй жылытуу үчүн альтернативдүү булактарды (газ, көмүр) колдонууга чакырып келишет.

2021-жылы кышында Ош шаарында, Ош жана Баткен облусутарында рейддер жүргүзүлгөн, анда энергетиктер жарандарды үйлөрдү жылытуу үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырышкан. Ошол эле убакта кээ бир абоненттердин жылыткычтарына пломба басылган.

Ошол эле жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров өлкө энергетикасындагы каатчылык тереңдеп кеткенин айткан. Калктын электр энергиясын керектөөсү жыл сайын өсүп жатат, ал эми өлкө азырынча көбүрөөк энергия өндүрө албайт.

2023-жылдын 1-августунан тартып электр энегиясынын тартыштыгы көбөйүп жаткандыктан өлкө энергетикасына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президенттин жарлыгына ылайык, режим 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Мамлекет таңкыстыкты коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо жана жер-жерде жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр аркылуу абалды кармап турууга аракет кылып жатат.

Бирок быйыл таңкыстыкка байланышкан жагдай курчуп кетиши мүмкүн, себеби өлкөнүн электр энергиясын берген башкы булагы — Токтогул суу сактагычы — сууга толбой жатат.

2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.