ЖК спикери: Жакында АКШ бийлиги кыргызстандыктарга виза берүү процедурасын жеңилдетет

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында жакында АКШ бийлиги кыргызстандыктарга виза берүү процедурасын жеңилдетерин билдирди.

«Америка кошмо штаттарынын элчилиги менен, алардын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Буйруса жакынкы айларда натыйжа чыгат, биздин мекендештерге, кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү, ошону менен катар мөөнөтүн 5-10 жылга чейин узартуу жөнүндө сөз болуп жатат. Буйруса жакшы жакка чечилет», — деди ал.

Бул тууралуу Шакиев депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун суроосуна жооп берип жатып айтты. Өмүрзаков америкалык окуу жайларга тапшырган студенттерге виза бардык окуу жылына эмес, бир эле жылга берилип атат деген маселени көтөргөн. Депутат студенттер визасын узартуу үчүн жыл сайын мекенине келүүгө аргасыз болуп, убара тартып атканын белгиледи.

2022-жылдын сентябрында Кыргызстандын АКШ жана Кададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн виза берүүнү жеңилдетүүнү жана туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин көбөйтүүнү суранган. Анда Аманбаев АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде Американын визасын алыш үчүн документ тапшырганы келгендердин кезеги узарып, кезек күткөндөрдүн саны көбөйүп кетип жаткандыгын айтып берген.

Кийинчерээк АКШнын Кыргызстандыгы элчилиги виза алуу кезегинин күтүү убагын азайтуу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалып атканын билдирген.