«Карголайн» кыргыз компаниясы Орусияга учак тетиктерин тымызын ташып турган — «Важные истории»

«Важные истории» басылмасынын иликтөөчү журналисттери Орусиянын авиакомпанияларына санкциялардан буйтап өтүүгө жардам берген алдыңкы беш компаниянын катарын толуктаган Кыргызстандын «Карголайн» компаниясы тууралуу жаңы маалыматтарды айтып беришти

2023-жылдын майында «Проект» басылмасынын журналисттери аталган компания Орусияга 1 млн доллардан ашык суммага тетиктерди ташып барганын билдирген. Компаниянын негиздөөчүсү — мурдагы аткаминер Азамат Алкадыров. 

Бул жолкусун иликтөөчүлөр «Карголайн» тетиктерди Литванын Right Direction Aero компаниясынан сатып алып, аны кайра Орусиянын «Ай флай» авиакомпаниясына жеткирип берип турганын аныкташкан. 

Right Direction Aero компаниясынын ээси Павел Чалапов журналисттерге тетиктер Орусияга кетип жатканын билбегенин айтып берген. 

«Ал “Важные историяга” Орусиянын “Ай флайына” эч нерсе сатпаганын жазган. Чалапов “Путиндин режими менен орус агрессиясын жек көрөт”, Орусия менен келишимдерди түзбөйт, кардарларын Орусия менен байланышы жокпу деп тыкыр текшерип, аларга тектиктерди санкциялык компанияларга сатпоону милдеттендирген декларацияга кол койдуртуп алат», — деп билдиришти журналисттер. 

Right Direction Aero’нун директору тетиктерди «Ай флайга» эмес, «Карголайнга» сатканын айтып, бир нече товардын жүк жана экспорттук декларациясынын көчүрмөсүн далил катары көрсөтүп берген.   

«Бажы базасында литвалык Right Direction Aero товарларды чындап эле “Карголайндын” тапшырмасы менен “Ай флайга” сатканы көрсөтүлгөн. Сыягы, документ боюнча тетиктер Кыргызстанга кетип, ал эми иш жүзүндө Орусияга кетип турган», — дейт журналисттер.  

Чалапов журналисттерге курган маегинде «Карголайндын» башкы директору Азамат Алкадыров аны санкцияга кабылган рыноктор жана Орусия менен эч кандай байланышы жок деп ишендирип, ошондуктан ага товарларды кайра Орусияга реэкспорт кыла албайт деген шарт менен сатып турганын айтып берген.  

«Мен азыр көруп тургандай, “Карголайн” бизге эч нерсе айтпай, алдап, көрсө, документтерди жасалмалаган окшойт», — деген ал кыргыз компаниялары менен иштешпей калганын кошумчалап. 

«Карголайн» компаниясы Орусия Украинага кол салып баштагандан бир ай өткөндөн кийин, 2022-жылдын 25-мартында түзүлгөн. Компаниянын негиздөөчүсү — Азамат Алкадыров. «Карголайндан» тышкары Алкадыровдун «Аэротрейд» деген дагы бир компаниясы бар, анын бул компаниясы ошол эле жылдын октябрь айында түзүлгөн.  

2019-жылдын августуна чейин Алкадыров Кыргызстандын климаттык каржылоо боюнча борборунун директорунун орун басары кызматын аркалаган. Аталган борбор 2014-жылы республиканын өкмөтү тарабынан Кыргызстандын климаттык долбоорлору менен программаларына климаттык фонддорддун каржысын тартуу максатында түзүлгөн.  

Согушка чейин Орусиянын учактарын тетиктер менен америкалык, немис жана француз компаниялары камсыздап турган. Бирок санкциялардан улам импорттун географиясы өзгөрүп, Азия жана Жакынкы Чыгыштын компаниялары Орусиянын авиаташуучуларынын негизги өнөктөштөрүнө айланган. Мындан тышкары, импорттун көлөмү он эсе кыскарган. 

2023-жылдын июлунда АКШ Кыргызстандын төрт компанисына санкция салганы белгилүү болгон. Вашингтондун пикиринде, бул компаниялардын Орусияга санкциялык товарлардын жеткирилүүсүнө тиешеси бар. Компаниялардын арасында «Карголайн» да бар.

АКШнын Финансы министрлиги төрт компания тең Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол сала баштагандан кийин негизделгенин белгилеген. Ошондой эле алар журналисттердин «Карголайн» Орусияга миллиондогон долларга чет элдик өндүрүштөгү авитахникаларды ташыганы тууралуу маалыматтарын да бышыкташкан. Компания авиатехникаларды АКШнын экспорттук көзөмөлүндө турган авикомпанияларга да түз жеткиргени белгилүү болгон.