Аксы: АКШда эмгектенген мигрант айылындагы мектепке 100 ноутбук белек кылды

АКШда эмгектенген кыргызстандык мигрант Абдыманап Базарбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы өзү окуган №11 Темиркул Мавлянов атындагы мектепке 100 ноутбук белекке берди. Бул тууралуу 14-сентябрда «Азаттык» басылмасы билдирди.

Базарбаевдин айтымында, ноутбуктар бүтүрүүчү класстын окуучуларына берилген, алар аны үйүнө алып кетип колдоно алышат. Окуу жылынын аягында ноутбуктар кийинки класска өткөрүлүп берилет.

«Бизден кийинки окуучулар, кийинки муун биз көргөн кыйынчылыкты көрбөсүн дедим. Мектепте чет тилдерин, компьютердик сабаттуулукту үйрөнүп чыкса деген ой менен жардам кылдым. “Сага берилет”, “сага берилбейт” деп тандап алган туура эмес болмок. Биздин мектепте жүз окуучу бар экен. Алардын баарын компьютер менен камсыздаганга аракет кылдым. [...] Эгер алар Америка, Европада окууга өтсө дагы жардам беребиз», — деп билдирди мигрант.

Базарбаев окуучуларга онлайн курс да сатып берип, үч мугалим менен келишим түзгөн. Алар IT тармагынан, англис жана орус тилдеринен билим беришет. Ал аталган идеяны ишке ашырууга жалпы 2 млн сом короткон. 

Эки жылдан бери АКШда жашап, бизнес менен алектенген Базарбаев буга чейин Москвада тиш догдур болуп эмгектенген. Анын Аксы районундагы бардык мектепке жардам берүү ниети бар.