Энергетика министри: Быйыл ыштын деңгээли азаят деп ойлойм

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Бишкекте ыштын деңгээли азаят деп убада берди. Бул билдирүүсү менен чиновник 15-сентябрда «Ишеним» фракциясынын жыйынында смог маселесин көтөргөн депутат Бахридин Шабазовдун суроосуна жооп берди.

Ибраев быйыл Бишкек шаардык мэриясы 250 экологиялык автобус сатып алып, таштанды полигонун жаап, шаардагы 22 отказан газга өткөрүлүп, тогуз калктуу конуш толугу менен газга туташтырылганын билдирди.

«1-сентябрга карата “Бишкекгаз” 18 миңден ашык үйдү [газга] туташтырды. Бул 5 миңден ашык жаңы абонент дегендик, алардын ичинен 761 абонент жылуулук системасына, 800дөн ашыгы газ плиталарына кошулду [...] Быйыл ыш маселеси канча бир пайызга азаят деп ойлойм», — деди ал.

Акыркы бир нече жылдан бери Бишкек кышкысын абасы эң эле булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингин толуктап келет. Бийликтин көптөгөн убадаларына жана смогго каршы күрөшүү боюнча жумушчу топтордун ишине карабастан Бишкекте абанын сапатына байланыштуу жагдай өзгөрбөй келет.