ЖМК: Ахматбек Келдибеков уулун үйлөнтүп, тойго Матраимов, Ташиев жана Көлбаев келди

Kaktus.media басылмасы өздүк блактарына таянып, саясатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков 17-сентябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында экинчи баласын үйлөнтүп той бергенин жазды.  

Журналисттердин маалыматына ылайык, тойго ар башка саясатчылар, мисалы, мисалы экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев келген. 

Алардан тышкары, басылманын маалыматына ылайык, тойго коррупционер экенин мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимов менен кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев да келген. Бирок Көлбаев Ташиев келгенде кетип калган. 

Ахматбек Келдибеков деген ким?

Ахматбек Келдибеков ар убактарда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Президент Аскар Акаевдин учурунда ал Социалдык фондду жетектеген. Бакиевдин учурунда болсо Салык кызматын башкарган. Ал эми 2010-жылдан тарта 2011-жылдын декабрына дейре парламенттин спикерлик кызматын аркалаган.

Келдибек 2017-жылы президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн, бирок соттолгондугу жабыла элек болгондуктан шайлоо өнөктүгүнө катышпай калган.

2016-жылы «Клооптун» журналисттери Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы бизнеси менен жер тилкесин табышкан. Келдибеков өзү журналисттердин маалыматын «жала жабуу жана каралоо аракети» деп атаган

Ал мындан туура эки жыл мурда «Азаттыкка» курган маегинде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду журт атасы, ал эми коррупция боюнча иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов — уулунун өкүл атасы экенин айткан.