Жээнбеков — журт атасы, Матраимов — уулумдун өкүл атасы. Келдибеков дагы эмнелерди айтты?

Парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековдун «Азаттык» басылмасына курган маеги 15-октябрда жарыяланды. Экс-спикер бир саатка созулган интервьюсунда келе жаткан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого карата пландары тууралуу, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековго болгон мамилеси жана бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары тууралуу сөз кылган.

2020-жылдагы шайлоо жана Жээнбековго болгон мамилеси тууралуу

Келдибеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышаарын айтты, бирок, анын сөздөрүнө караганда, кайсы бир саясатчы жана партиялар менен сүйлөшүүлөр тууралуу айтуу «азырынча эрте».

«Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин “мен баланча партиядан келдим, мен КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм” дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды», — деп билдирди Келдибеков президент тууралуу.

Анын айтымында, Жээнбековдун мамлекеттик башчы кызматында өлкөнүн келечегин талкуулаш үчүн «эч кимди бөлбөй» мурдагы саясатчылар менен аткаминерлерди мамлекеттик иш-чараларга чакырганы «чоң жетишкендик».

Ошондой эле Келдибеков мурдагы президент 2017-жылы шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдогонуна карабай Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы тууралуу оң пикирин айтты.

Райымбек Матраимов тууралуу

Келдибековдун айтымында, ал бажы башчысынын мурдагы орун басары менен «ал бажыда инспектор болуп иштеп тургандан» бери тааныш. Матраимовдун өмүр баянына ылайык, ал бажы кызматында инспектор болуп 1997-жылдан 2004-жылга чейин эмгектенген.

Мындан тышкары, экс-спикер Райымбек Матраимов уулунун өкүл атасы экенин ырастады. Келдибеков буга «сыймыктанаарын» билдирип, бул өз демилгеси менен болгонун кошумчалады.

«Аны коррупционер деп жатышат. Бирок бүгүн сот да, укук коргоо органдары да бир да далил көрсөтүшкөн жок», — деп билдирди Келдибеков.

Ал кошумчалагандай, «жакшы адамдардын душмандары көп болот», ал эми Райымбек Матраимов Ош бажы кызматын башкарып турганда бюджет чегерүүлөр көбөйүп турган.

Матраимовдор өлкөдөгү эң бай бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат. Жазында «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралу иликтөө жарыялап, буга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деп билдиришкен.

Матраимовдор иликтөөнүн жыйынтыктарын четке кагып, аны «буйрутма» деп аташкан. Финпол Райымбек Матраимовдун мүлкүн январдын аягында текшере баштаган, бирок анын жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

Келдибековдун саясий карьерасы

Акматбек Келдибеков ар кайсы убакта ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген. Аскар Акаевдин президенттиги учурунда ал Социалдык фондду жетектеп турган. Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда ал салык кызматын жетектеген.

Келдибеков 2010-жылы декабрда Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланып, бул кызматта 2011-жылдын декабрына чейин иштеген. Ал эми 2017-жылы ал президенттик кызматка да талапкерлигин коюп, бирок соттолгондугу жоюла электигинен шайлоо өнөктүгүнө катыша албай калган.

«Клооптун» журналисттери 2016-жылы иликтөө жарыялап, Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы жер участогун жана бизнесин табышкан. Келдибеков өзү журналисттердин жүйөөлөрүн «каралоо аракети жана жалаа» деп атаган.