Орусия Бишкек менен Дүйшөмбүнү «кескин билдирүүлөрдөн» карманууга чакырды

Орусия ТИМи Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинде өлкөлөрдүн бири-бирине «кескин мүнөздө айтылган билдирүүлөрү күчөп баратканына байланыштуу» билдирүү жасады.

Ведомство белгилегендей, Москва эки өлкөнүн чек араларын тактоо маселесиндеги «окуялардын өнүгүшүнө тыкыр көз салып жатат».

Билдирүүдө Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын «стратегиялык өнөктөшү жана союздашы» экени, Москва «ЖККУга мүчө мамлекеттердин пикир келишпестигине жол бербөө жана жана аймактагы туруктуулукту сактоого кызыкдар» экени белгиленет.

Ошондой эле Москва өзүнүн өнөктөштөрүнө аларга алгылыктуу боло турган бардык жардамдарды көрсөтүүгө даяр экени, бирок ал «бардык пикир келишпестиктер азыр иштеп жаткан эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында тек гана саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилгенде» мүмкүн болору белгиленет. 

«Досторубузду жана союздаштарыбызды кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинде акыркы убакытта жетишилген оң натыйжаларды жокко чыгарып албаш үчүн кескин билдирүүлөрдөн жана ойлонулбаган кадамдардан карманууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө. 

15- сентябрда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандын бийлиги азыркы күнгө чейин Кыргызстанга чек ара боюнча аймактык доо коюп келерин билдирген. Ал бул жагдай сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын, эгер Дүйшөмбү дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы табылган тарыхый документтердин негизинде коңшу мамлекетке аймактык дооматтарды коёрун кошумчалаган. 

Бул билдирүү чуу жараткан. 

Эртеси күнү Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын ТИМине чакырылган. Ведомствонун билдирүүсүндө «ушул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө, ошондой эле өз ара ишеним мамилелерге олуттуу зыян келтириши мүмкүн» деп айтылган.

Дагы окуңуз: «Азаттык»: Ташиев Тажикстанга кайсы дооматты ишарат кылды?

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыгы аныктала элек, андыктан чек арага жакын аймактарда — Баткен жана Ош облустарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Чек арадагы акыркы ири жаңжал туура бир жыл мурда болгон. 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган.

Дагы окуңуз: Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы