Ош — Эркечтам унаа жолундагы кырсыктан үч студент кыз каза тапты

Ош — Сары-Таш — Эркечтам эл аралык унаа жолундагы Каратай айылындагы жол кырсыгынан үч кыз каза тапты. Бул тууралуу 21-сентябрда Ош облустук жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 20-сентябрда катталган. Ошту көздөй бара жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы алты адамдын үчөө көз жумуп, калган үч киши ооруканага түшкөн. 

Жаракат алгандардын абалы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Жол кырсыгынан көз жумгандар Ош мамлекеттик университетинин студенттери экени маалымдалды. Алар Чыйырчык жайлоосунан келе жаткан.

3-сентябрда Ош — Эркечтам жолундагы жол-транспорт кырсыгынан төрт киши каза тапкан, алардын арасында бир өспүрүм да болгон

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөдө үч миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жалпы 269 адам каза болсо, анын 38и — жаш балдар. Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош — Эркечтам жолунда авто кырсыктан төрт киши каза тапты