«Элден элге жардам». Баткенде мигранттар кайрымдуулук дүкөнүн ачты

Баткен шаарында кыргызстандык мигранттар «Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнүн ачты. Дүкөндө муктаж тургундарга акысыз азык-түлүк берилет. Бул тууралуу 22-сентябрда облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүкөн ачылгандан бери 200 адамга жардам көрсөткөн. Аталган демилгени Баткен шаарынын тургундары Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надиров көтөрүп, Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар колдоо көрсөткөн. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын банктык эсеп ачып, ай сайын акча которуп турууну чечишкен.

«Топтолгон каражатка турмуш-тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүктөр алынып, дүкөнгө коюлат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жардамга муктаж  жалгыз бой энелер, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр келип азык-түлүк алып кетсе болот», — деп айтылат маалыматта.

Облустук администрациядан учурда бул демилгени АКШда жашаган кыргызстандык мигранттар жана мүмкүнчүлүгү бар жергиликтүү тургундар колдоого алып, көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандардын саны көбөйүп жатканын айтышты.

Дүкөндүн уюштуруучулары тургундардын муктаждыгын аныктоодо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде иш алып барат.

«Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнү аптада төрт күн — дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Дареги: Баткен шаары, Самат Сыдыков көчөсү.

Дүкөнгө жардам көрсөтүүнү каалагандар +796 29 530 231 WhatsApp номуру аркылуу байланышса болот.