Милиция кыз уурдоо көйгөйүн мыскылдап жарнама чыгарган курулуш компаниясына эскертүү берди

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Nurzaman курулуш компаниясына кыздарды уурдоо көйгөйүн мыскылдаган жарнамасы үчүн эскертүү берди

Буга чейин TikTok платформасында курулуш компаниясы пост чыгарган. Анда белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен кыз менен атасынын кат алышуусу камтылган. Кыз атасына болгон окуяны айтып жардам сурайт, бирок атасы аны кайда алып келгенин сурайт. Кыз Nurzaman курулуш компаниясынын үйлөрүнүн биринде экенин укканда кызына бакыт каалайт. Анын артынан эле үйлөрдүн сүрөтү чыгат.

Бул жарнама соцтүйүндө колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан. Сындардан кийин, 24.kg басылмасы курулуш компания аталган постту өчүргөнүн билдирди

«Биз муну түшүнөбүз жана кабыл алабыз. Биздин саясат адам укугун коргоого багытталган, аялбы же жаш балдарбы айырмасы жок. Биз укуктуу коомдо жашагыбыз келет. Айрым тамашалар орунсуз болот, коомчулук буга дароо терс реакция кылат. Биз жарнаманы өчүрдүк жана мындан ары кайталабайбыз», — деп билдирди Nurzaman курулуш компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Никита Коновалов.   


Бул кыздарды уурдоону пропаганда кылган биринчи эле жарнама эмес. 2020-жылы ушундай эле жарнаманы Kozu Grill  менен Оштогу «180 Такси» да чыгарган. Ресторандын жарнамасында атасы кызын уурдагандарды эт үчүн кечирет, ал эми унаасы жүрбөй калган кезде — кыз кыйкырат, кийин таксинин кызматын колдонуу сунушталат.    

Эки учурда тең жарнамалар боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жарнама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо департаментине даттануулар түшкөн. 

 Кыргызстанда кыздар кантип уурдалат

Кыздар менен аялдарды мажбурлап никеге тургузуу максатында урдоо — бул Кыргызстандагы реалдуу көйгөй. Кызды уурдоо зордуктоо менен аяктайт, ал эми коомдун басымына туш болгон кыздар уурдаган тараптын үй-бүлөсүндө калып, токтобогон үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келет. 

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоого 5 жылдан 7 жыл жана 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.