Бир кадр менен: Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору кайтып келди

Дүйнө чемпионатынын грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөрү Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу 26-сентябрда «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.   

Сүрөт: «Манас» аэропорттун басма сөз кызматы

Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медалдарды багынткан Акжол Махмудов (77 кг салмакта) менен Жоламан Шаршенбековду (60 кг салмакта) аэропорттон күйөрмандары менен жакындары тосуп алышты. 

Күрөш боюнча Сербияда өткөн Дүйнө чемпионаты 24-сентябрда жыйынтыкталды. Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Кыргыз балбандары улуттук кураманын куржунуна үч алтын, бир — күмүш жана бир коло медаль алып келишти

Алтын медалды Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жеңсе, күмүш байгени Айпери Медет кызы (76 кг) багындырды. Коло медалга Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) татыды.

Мындан тышкары, кыргыз курамасы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына беш жолдомо алды. Жолдомону балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы жана суучул Денис Петрашов жеңип алышты.