Дүйнө чемпионаты: Кыргыз балбандары командалык эсепте 3-орунду ээледи

Кыргызстанга кайтып келген балбан кыздар. Дене тарбия жана спорт департаменти.

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамасы Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Кыргызстандык балбандар дүйнө биринчилигинде өлкөнүн капчыгына беш медаль алып келди.

Алтын медалды Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков жеңса, күмүш байгени Айпери Медет кызы багындырды. Коло медалга Тайырбек Жумашбек уулу татыды.

Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербияда өттү. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашты. Командалык эсепте биринчи орунду Жапония ээлесе, экинчи орунга АКШ татыды.

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Азыркы тапта олимпиада оюндарына Кыргызстандан жалпы беш спортчу жолдомо утуп алды.