Сокулуктагы массалык мушташ: Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн эки киши кармалды

Колго түшкөн шектүүлөр. Сүрөт: Чүй облустук милициясы.

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы калайман мушташка байланыштуу «Адам өлтүрүүгө» шектелип, издөөдө жүргөн эки киши кармалды. Бул тууралуу 26-сентябрда Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Билдирүүдө колго түшкөндөр 41 жаштагы Курбангаджи Абдуллаев менен 44 жаштагы Магомед-Эмин Даудов атуу тургундар экени айтылат.

Окуяга байланыштуу иликтөө ишинин жүрүшүндө АК-74, Сайга-МК куралдары, 60тан ашык ок-дары табылып, экспертиза дайындалды. 

Шектүүлөр болсо райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. ИИМдин жетекчилиги бул ишти көзөмөлгө алганы айтылды.

Окуя кандай болгон?

Сокулуктун Жаңы-Жер айылында калайман мушташ чыкканы тууралуу  22-сентябрда кабарланган. Анда 69 жаштагы тургун ок жеп каза болуп, дагы бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Милициядан жаңжал «муундар арасында “улууларды сыйлоо” эрежесин сактабагандыктан келип чыкканын» билдиришкен. Окуяга катыштыгы бар эки тарап тең бир улуттан экени айтылган.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 30дан ашык адамды сурак берген. Шектүү катары Жаңы-Жер айылынын 26, 36 жана 69 жаштагы үч тургуну кармалып, эки адамга издөө жарыяланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулуктагы массалык мушташ: Бир адам ок жеп каза болуп, дагы бири ооруканага жеткирилди