Сокулуктагы массалык мушташ: Бир адам ок жеп каза болуп, дагы бири ооруканага жеткирилди

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында калайман мушташ чыгып, 69 жаштагы тургун ок жеп каза болду. Бул тууралуу 23-сентябрда «Клоопко» Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 22-сентябрда Бишкек шаарындагы клиникалык ооруканага ок жеген кишинин сөөгү жеткирилип, дагы бир ок жеген 37 жаштагы тургун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чыр-чатак айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында “улууларды сыйлоо” эрежесин сактабагандыктан келип чыкканы аныкталды», — дешти милициядан.

Чүй ОИИБдин маалыматына ылайык, окуяга катыштыгы бар эки тарап тең бир улуттан, алардын ортосунда буга чейин эч кандай жаңжал чыккан эмес.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Милиция 30дан ашык адамды суракка алып, шектүү катары Жаңы-Жер айылынын 69, 35 жана 26 жаштагы үч тургуну кармалганын кабарлады.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда. Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен дагы 44, 41 жаштагы эки жаран издөөгө алынганы айтылат.