«Азаттык» президенттин сынынан кийин Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө видеону өчүрдү

«Азаттык» Кытайдын Sinomash холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстандын Фергана облусуна таза суу тарта турган долбоорду каржылоону көздөп жатканы баяндалган видеону өчүргөнүн билдирди. Буга чейин аталган видеого байланыштуу президент Садыр Жапаров «Азаттыкты» сынга алган болчу.   

«Азаттык» видео «редакциялык талдоо үчүн социалдык медиадагы каналдарынан алынып, ал эми кабар түзөтүү менен толукталып чыгарылды» деп түшүндүрмө берди.

26-сентябрда президент «Кабарга» курган маегинде «Азаттык» «Кемпир-Абад мурда Кыргызстанга карачу» деп «элдин башын айландырганга аракет кылыптыр» деп айткан.     

«Ооба мен дагы “Азаттыктын” көрсөтүүсүн көрдүм. [...]  Булар оңолбойт экен да. Же артында турган кожоюндары катуу буйрук берип жатышабы деп ойлойм. Аларга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда будуң-чаң болуп турганы эмне пайда билбейм. Бул сөзү менен кыргыз-өзбек кылып чабыштыралы деген “Азаттыктын” арам ою оркойуп көрүнүп турат. “Кемпир-Абадды” илгертен бери 100 пайыз Өзбекстан башкарып келген», — деген президент.

Жапаров «“Азаттык” сыяктуу чагымчыл маалымат каражаттарынын провокациясына алдырбоого» чакырган.  

22-сентябрда «Озодлик» радиосу («Азаттык Үналгасынын» өзбек кызматы) Фергана облусунун администрациясына таянып, Кытайдын Sinomash холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстандын Фергана облусуна таза суу жеткирүү долбоору боюнча өзбек бийлиги менен баштапкы макулдашууларга жетишкенин билдирген. Бул тууралуу «Азаттык» жана дагы бир катар жергиликтүү басылмаларда да маалымат чыгарган.

Кемпир-Абадды өткөрүп берилиши

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу боюнча мыйзам долбоорлоруна добуш беришкен

Документке ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргеликте башкаруу үчүн комиссия түзмөкчү.   

2023-жылдын январында Садыр Жапаров менен Шавхат Мирзиеёв өлкөлөрдүн ортосундагы биргелешкен чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашышкан. Андан соң Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процесстерин аякташканын билдирген

Бирок Кемпир-Абад боюнча макулдашуу коомчулуктун бир бөлүгүндө нааразычылыктарды жараткан. 30га жакын активист, саясатчы жана укук коргоочу аталган келишимге каршы чыгып, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшкөн. 2022-жылдын октябрында милиция аларды массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен камакка алган. Кармалгандардын бир бөлүгү дагы эле камакта.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баары ушул күнгө чейин күнөөлөрү жоктугун билдирип, аларга каршы иштер токулганын билдирип келишет.

Саясатчылар менен активисттердин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.