Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан мыйзам долбоору талкуусуз кабыл алынды

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутаттар Конституциялык сотко өз чечимдерин кайра кароого уруксат берүү сунушталган президенттин мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун өзү парламенттин бүгүнкү күн тартибинде жок болчу. Бирок президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардан мыйзам долбоорун кезексиз тартипте карап берүүнү суранды.

Добуш берүүнүн алдында парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин башчысы Чолпон Султанбекова мыйзам долбооруна сунушталган түзөтүүлөр четке кагылып, ал баштапкы түрүндө кабыл алынарын билдирди. Мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууну «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Ынтымак» парламенттик фракциялары менен «Мекенчил» жана «Элдик» депутаттык топтору суранышты.

«Бул мамлекетибиз үчүн керектүү мыйзам. Биз өз салтыбыз менен жашашабыз керек, бизге эч кандай матчествонун кереги жок. Талкуулап отурбай эле дароо экинчи жана үчүнчү окууга чыгарып бергиле», — деп кайрылды спикерге депутат Надира Нарматова добуш берүүгө чейин.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору талкуусуз кабыл алынды. Экинчи окууда ага 64 «макул», эки депутат «каршы» добуш берди. Ал эми үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш депутат каршы болду. 

Президенттин мыйзам долбоору

Президенттин администрациясы 17-июлда «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жарыялаган. Аны менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра кароого жана жокко чыгарууга уруксат берүү сунушталган.

Мыйзамдын долбоорунда чечим кандай учурда кайра каралып чыгышы мүмкүн болгон учурлар жазылган. Алсак, ал эгер чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим «Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе» кайра каралышы мүмкүн.

Бирок «Медиа Полиси Институтунун» юристтери мыйзам долбооруна комментарий берип, президенттин администрациясы Конституциялык соттун ишине «түз жана ачыктан-ачык эле» кийлигишүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен. Алар президенттин Конституциялык соттун ишине кийлигишүүсү жеке адамдын автократиясына алып келерин белгилеп, демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышкан.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык соттун акыркы чечимдеринин бири матчествого байланыштуу болгон. Ага ылайык, кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала алышат. Анткен менен бул чечим коомчулукта кызуу талкууланып, айрыкча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев юуга каршы чыгып, «чечимди ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын» деп билдирген.

Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 6-сентябрда парламент талкуусунда мыйзам долбоору «көбүнесе» Конституциялык соттун матчество боюнча чечиминин айынан демилгеленгенин билдирген.