Ош: 31 мектептин жеке менчикке берилип кеткен аянтын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарында мектептерге тиешелүү жерлер турак жайларга, соода түйүндөрүнө жана кафелерге айланып кеткен. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы күндө Ош шаарындагы 31 мектептин кыскартылган жер тилкелери башка багытта иштеп жатат. Үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта аталган факт боюнча тиешелүү органдарга атайын тапшырма берилип, иликтөө жүргүзүлгөн. 

Натыйжада, 52 мектептин 31инин жер тилкеси өлкө эгемендикти алган жылдардан эле сот органдары жана жергиликтүү администрация тарабынан жеке менчикке катталып кеткени аныкталган. Учурда бардык документтер такталып, баштапкы калыбына келтирүү боюнча комисия түзүлгөнү айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле, мектептердин абалын баштапкы калыбына келтирүү боюнча атайын укук коргоо органдарынан жана юристтерден турган топ түзүлгөн. Алар, иш кагаздарын ыкчам бүтүрүүнү камсыздап, соттук процесстерде иш алып барышат. 

Аймагы жеке менчикке өтүп кеткен мектердин тизмеси төмөндө: 

№4 С.М.Киров 

№10 В.И.Ленин 

№15 М.Курбанов

№40 Королёв 

№7 Нариман 

№ 24 М.Фрунзе 

№12 Н. Крупская 

№22 С.Шарипова 

№18 А.Навои 

№6 С.Макаренко 

№8 М.Горкий 

№19 Т.Г.Шевченко 

№39 Октябрдын 70 жылдыгы 

№47 мектеп 

№44 мектеп 

№51 Ж.Баласагын 

№54 мектеп 

№2 К.Маркс 

№5 Ж.Бөкөнбаев 

№3 В.Ломоносов 

Олимп мектеби 

№29 М.И.Калинин 

№23 И.В.Панфилов

№21 А.С.Пушкин 

№20 И.Раззаков 

№11 В.Терешкова 

№35 Ж.Атабаев 

№31 Курманжан датка

№9 Рудаки 

№41 Х.Абдуллаев 

№37 Г.Айтиев атындагы мектеп.

Автору: Назайым Тилевалдыева