Knauf немис компаниясы Кыргызстанда завод курууга кызыкдар

Knauf компаниясы Чүй облусунда гипсти кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар. Бул тууралуу 28-сентябрда президент Садып Жапаров менен жолугушуу учурунда немис компаниясынын жетекчилери билдиришти.

Жапаровдун айтымында, «заводдун Чүй облусунда курулушу жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет».

Өлкө башчысы бүгүнкү күндө мамлекет «каржылык жагымдуулуктун жана инвестициялык климаттын ишенимдүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттарды» түзүп жатат деп белгиледи.

«Кыргызстан Германиянын “Knauf” сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар. [...] Садыр Жапаров Александр Блюмхардтын жетекчиик бай тажрыйбасы жана жогорку адискөйлүк сапаттары бардык маселелерди тезирээк чечүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Өз кезегинде Knauf компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер компания алгачкы этапта логистикада гипстин жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен өлкөнүн түндүгүндө биринчи заводду курууну пландаштырып жатканын белгиледи. Келечекте Кыргызстандын түштүгүндө экинчи заводду куруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Knauf менен президентке караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Уве Кнотцер жана Талантбек Иманов өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюп жатышат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Knauf — Европадагы жана анын чегинен тышкаркы курулуш материалдарын жана курулуш системаларын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы компанияларынын бири. Компания 90дон ашык өлкөдө бар жана бардык беш континентте 80ден ашык иштетилбеген ташты өндүрүү компанияларын жана 300дөн ашык заводду башкарат. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү болжол менен 15 миллиард еврону түзөт. Knauf КМШ өлкөлөрүндө активдүү иш алып барат. Компания Борбор Азия аймагында 2001-жылы иштей баштаган.