Президенттин кеңешчиси Абыкеев тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын айтты

29-сентябрда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев фейсбук барагына мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун колдой турганын жазды.

Ал 90-жылдары бир чет элдик делегация желектеги күндүн нурун күн карамага окшотконун эске салып, аны чыныгы күн нуруна окшоштуруу туура деп эсептейт.

«Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик туусунун бир элементи эле эмес, түп-тамыры менен таанылгыс кылып өзгөртүшкөн өлкөлөр бир топ», — деди ал.

Абыкеев «желектин кемтик жагын караштырып, аны алмаштыруудан трагедия жасоонун кереги жок» деп кошумчалады.

Буга чейин, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик туудагы нурдун формасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген.

Алар бүгүнкү күндө «түндүк менен күн нурунун көрүнүшүндө диллема пайда болуп жатканын» айтып, «түрдүү чечмелөө бар, сүрөттөлүшү күн карамынын гүлүнө же болбосо боз үйдүн тышкы бетине окшош сыяктуу» деп белгилешкен.

Бул демилге коомдо кызуу талкуу жаратууда. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү «өлкөдө чечилбей жаткан андан башка көйгөйлөр бар экенин» айтышса, айрымдары тууга өзгөртүү киргизүү керек деген пикирде.