Милиция таксисттен ыдык көргөн кыздан арыз албай жатканы тууралуу видео тарады. Ош ШИИБ эмне дейт?

2-сентябрда соцтүйүндө Ош шаарында милиция таксист ыдык көрсөттү деген 17 жаштагы кыздын арызын кабыл албай койгону тууралуу видео тарады.

Тасмадан өспүрүм кыз Оштогу ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында ыйлап отурганын көрүүгө болот. Ал милиция кызматкерлеринин кенебестигине нааразы болгон.

«Бир таксиге отургам, мени үйгө жеткирген. Ал мага “сага 5-6 миң сом берем” деп моюнумдан өпкүлөп баштады. Буларга [милицияга] “таксист мени жалап деди” дебей эле, телефонумду алып койду деп айтсам, телефонумду чөнтөгүмөн таап алып, мени түртүп чыгарып коюшту. Таксисттин анткенге акысы жок болчу. Буларга таксист мени ушинтип жатат деп айта албайм да», — деген ал.

Видеого тартып жаткан киши милиция жаш кызды кабыл албай жатканын ырастап, имаратка кирүүгө аракет кылып коңгуроону бир нече жолу баскан. Бирок кызматкерлер эшикти ачкан эмес.

Ош шаардык милициясы эмне дейт?

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы видеодогу кыз 2-октябрга карган түнү кайрылганын тастыктыда. Милициядан кыздын арызы электрондук журналга катталганын белгилешти.

«Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун тургуну таксист телефонун тартып алып, сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып арызданган. Ыкчам-тергөө тобу таксистти жана күбөнү алып келип, суракка алган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын сумкасынан чыккан, жана кызга акча зарыл болгону аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Милициянын маалыматында өспүрүм кыз «мурда бир нече ирет милицияга ар кайсы кишинин үстүнөн арызданып кайрылганы, алар боюнча тиешелүү чечим кабыл алынганы» айтылат. 

«Өспүрүм кыз Ош ШИИБнын жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда бир нече ирет кармалып, социалдык коргоо кызматына өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБи кыздын акыркы арызы боюнча «тергөө жүрүп, өспүрүм жана күбөлөрдүн маалыматы ар тараптуу текшерилет» деп белгилешти. Ошондой эле социалдык коргоо кызматтары менен бирге иш алып барыларын кошумчалашты.

Ош шаардык социалдык камсыздоо кызматынын өкүлү «Клоопко» милиция өспүрүм кызды буга чейин аларга өткөрүп бергенин ырастап, «Лотос» балдар үйүнө жайгаштырышканын айтты. Ал кыздын балдар үйүнөн качан чыгып кеткенин тактап жатышканын белгилеп, кийин маалымат берүүнү убадалады.