Казак министри: Кыргызстандын майнинг компаниясы менен азырынча конкреттүү келишим жок 

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев Кыргызстандын майнинг компаниясына электр энергиясын берүү боюнча азырынча конкреттүү келишим жоктугун билдирди. Бул тууралуу ал Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Кеминдеги майнинг компания 1-августтан тарта Казакстандан электр энергиясын сатып ала баштайт деген билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтты

«Бул боюнча канча көлөм болот, кандай болот, деталдуу маалыматты тактоо үчүн мага убакыт керек. Башкача айтканда, биздин бирдиктүү сатып алуучу компания менен сыртка чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмүн эми гана аныктадык. Менин билишимче, азырынча конкреттүү келишимдер жок. Бирок жалпысынан мындай мүмкүнчүлүк бар экенин ырастайм жана энергетикалык ишканалардын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айтып койгум келет», — деген ал «Азатттыктын» казак кызматына.
   
Саткалиев Казакстандын электр тармагы электр энергияны «белгилүү сааттарда» сыртка сатууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, аны Казакстан «эл аралык рынокко, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттоо сунушун бергенге даяр» деп кошумчалады.  

«Аларды ким сатып аларын [Энергетикалык ишканалар] өздөрү аныктап, чечишсин. Биз Казакстандын кызыкчылыгына карап иш кылабыз», — деп кошумчалады ал.

Кеминдеги майнинг ферма

Буга чейин «Клооп» менен «Азаттык» Кеминдеги «Соларкоин» майнинг компаниясы тууралуу эки башка иликтөө жарыялаган. Иликтөөлөрдө энергетикалык каатчылыктын шартында өлкөдөгү майнинг фермалар чоң көлөмдө электр энертиясын пайдаланууну улантып жатканы тууралуу сөз болгон. Бул көлөм Нарын облусуна бир жумага жетмек. Ошондой эле иликтөөчүлөр майнинг ферманын мамлекеттик энергокомпаниялардын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен байланышын аныктап чыгышкан.

Бирок иликтөө чыккандан кийин энергетика министри Таалайбек Ибраев Кемендеги майнинг ферма Кыргызстандын электр энергиясын алуудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, «Соларкоин» электр кубатын Казакстандан ала баштайт, Кыргызстанга транзит үчүн 23 тыйын төлөп турат. Министрдин айтымында, бул болгону 17 млн сом гана алып келет.

Мындан тышкары, майнинг ферма Камбар-Ата-2 ГЭСинде да ачылат деп күтүлүүдө. Буга чейин «Клооп» өз иликтөөсүндө аталган компаниянын тактан кулатылган президент Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин айтып берген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө электр энергиясы тартыштыгына карабастан майнинг фермалар менен келишимдерди түзүп келет. Өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыктан улам, 1-августтан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президенттин жарлыгына ылайык, ал 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Ал эми 2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.