Президент Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо жөнүндөгү мыйзамга кол койду

3-октябрда президент Садыр Жапаров Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамга кирген түзөтүүлөргө кол койду. Эми Конституциялык сот кабыл алган чечимдерди кайра кароого болот. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди

Кол коюлган мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен, төмөнкү учурларда кайра каралышы мүмкүн: 

  • чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
  • чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
  • чечим «Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине» карама-каршы келсе.

«Конституциялык сот мурда кабыл алынган актты кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан. 

Мыйзам расмий жарыяланган күнтөн тартып күчүнө кирди.

Президенттин мыйзам долбоору

Президенттин администрациясы 17-июлда «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жарыялаган. Аны менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра кароого жана жокко чыгарууга уруксат берүү сунушталып жатат.

Мыйзамдын долбоорунда чечим кандай учурда кайра каралып чыгышы мүмкүн болгон учурлар жазылган. Алсак, ал эгер чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим «Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе» кайра каралышы мүмкүн.

Бирок «Медиа Полиси Институтунун» юристтери мыйзам долбооруна комментарий берип, президенттин администрациясы Конституциялык соттун ишине «түз жана ачыктан-ачык эле» кийлигишүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен. Алар демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышкан.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык соттун акыркы чечимдеринин бири матчествого байланыштуу болгон. Ага ылайык, кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала алышат. Анткен менен бул чечим коомчулукта кызуу талкууланып, айрыкча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев юуга каршы чыгып, «чечимди ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын» деп билдирген.

Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков бүгүн, 6-сентябрда парламент талкуусунда мыйзам долбоору «көбүнесе» Конституциялык соттун матчество боюнча чечиминин айынан демилгеленгенин билдирди.