Ысык-Көл: Тойдо 27 киши тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылды

Ысык-Көл облусунда тойдон кийин массалык уулануу болуп, 27 киши ооруканага кайрылды. Маалыматты 7-октябрда «Клоопко» саламаттык сактоо министрлигинин аталган облустагы өкүлү Бейшекан Жайлымышова тастыктады.

Анын айтымында, 5-октябрда Чок-Тал айылынын тургуну той өткөргөн. Эртеси күнү облстук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-ашка ууланган тургундар келе баштаган.

«Кечээ кайрылган бейтаптардын дээрлик баары үйлөрүнө чыгарылган, арасында жаш балдар дагы бар. Бүгүн эртең менен ошол эле айылдын алты тургуну кайрылып, ооруканада жатат. Алардын абалы канаттандыраарлык деп баланууда. Дарыгерлер өз ишин аткарды, кайрылган бейтаптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деди ал.

Жайлымышованын маалыматына ылайык, тойдогу эки ашпозчу Бишкектен чакырылган. Алар тамак-аш үчүн азык-түлүктү борбор калаадан сатып алып барган.

Азыркы учурда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тургундардын так эмнеден ууланганын тактап жатат.

Буга чейин Бишкектеги «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүнөн 71 адам шаурмага ууланып, 36 киши ооруканага түшкөн.

Тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган. Андан соң калаадагы тамактануучу жайларда текшерүү жүрүп, 20 чукул тез татым түйүнү жабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Массалык уулануудан кийин жыйырмага жакын тез татым түйүнү жабылды