Бишкек: Массалык уулануудан кийин жыйырмага жакын тез татым түйүнү жабылды

Бишкекте шаурмага массалык уулануудан кийин тез тамактануучу жайлар текшерилип, 20га чукул тез тамактануучу жай ишин токтотту. Бул тууралуу «Клоопко» санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, үч күндө жалпы 58 тез татым түйүнү текшерилип, 55 протокол түзүлдү. Жалпы 815 миң сом айып салынып, 19 тез татым түйүнү мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу жабылды.

Аталган борбордун Тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн дарыгери Назгүл Абамуслимова мыйзамга ылайык тамактануучу жайлар жылына бир жолу текшерилерин айтты.

«Эгерде пландан тышкары арыз, даттануу, кайрылуу келип түшсө, Экономика министрлигинин уруксаты менен текшерүү жүргүзөбүз. Уулануу болгон учурда эч кандай макулдашуусуз түз текшерип, андан кийин министрликке билдирүү жиберебиз »,  — деп түшүндүрдү ал.

Бүгүнкү күндө шаурмадан уулангандардын саны 71ге жетип, 36 киши ооруканда. Алардын бешөө — жаш балдар. Ооруканадагылардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүнөн 21 адам шаурмага ууланганы тууралуу 1-октябрда кабарланган

Аталган тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Шаурмага уулангандардын саны 71ге жетти, 36 киши ооруканада